Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 28.06.2018 15:28

Фото — Баткендиктер Тажикстанда президент Э.Рахмон катышкан майрамга конок болуп келишти

Turmush -  Кечээ, 27-июнда Баткен облусунун жетекчилиги Тажикстанда президент Эмомали Рахмон катышкан Улуттар биримдиги майрамына катышып келди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, Баткен облусунун жетекчисинин биринчи орун басары Алишер Абдрахманов баштаган делегацияны Тажикстандын «Гулистон» чек ара бекетинен Исфара районунун жетекчиси Сиджоуиддин Саломзода, райондун жетекчилери менен биргеликте концерттик программанын коштоосунда тосуп алды. Андан ары Канибадам шаарындагы майрамдык иш-чарага Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дагы катышты.

Алишер Абдрахманов баткендиктердин атынан жалпы тажик элин майрамы менен куттуктап, чакыруу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле өз сөзүндө эки өлкөнүн президенттеринин үстүбүздөгү жылдын 1-февралындагы жолугушуусу эки тараптуу мамилени чыңдоого өбөлгө болгонун жана кыргыз-тажик достугунун жаңы доору башталганын белгиледи. Андан соң Алишер Абдрахманов Согди облусунун жетекчилигине ала барган белектерди тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×