Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 28.06.2018 12:12

Баткендин өрүгүнө туз, бал кошулган азык жасалып, Японияга сатыла баштамак болду (фото)

Turmush -  Баткен облусунда өскөн өрүктөр Японияга сатыла баштамак болду. Бул тууралуу «Алыш-дан» кооперативинин жетекчиси Турсуналы Төлөмүшев билдирди.

Анын айтымында, Баткен өрүгүнөн япондор умебоши деген жаңы азык жасай башташты.

«Быйылкы жылы үлгү катары 30 кг умебоши жасадык. Бышкан өрүккө бал, туз кошулуп, 1 ай сакталат экен. Аны күрүчтү кайнатып, ошого кошуп жешет. Бул азыкты япондордун рецепти жана буйрутмасы менен жасадык. Кийинки жылы чоң көлөмдө чыгара баштайбыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×