Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 28.06.2018 11:05

Баткенде холера оорусуна каршы күрөшүү боюнча окутуу өттү

Turmush -  Кечээ, 27-июнда Баткен шаарында холера оорусуна каршы күрөшүү боюнча окутуу өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун милдетин аткаруучу Арзыбек Бөрүбаевдин айтымында, акыркы 10 жыл аралыгында облус аймагында холера оорусуна кабылгандар катталган жок. Иш-чарага облус аймагындагы район-шаарлардын жетекчилери, жугуштуу оорулар боюнча дарыгерлер, санэпидемкөзөмөл борборлорунун өкүлдөрү катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×