Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 27.06.2018 14:58

Баткен шаарынын М.Салихов көчөсү оңдолуп жатат (фото)

Turmush -  Баткен шаарындагы Мурат Салихов көчөсүнүн экинчи бөлүгүнө асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган жолдун жалпы узундугу 1 чакырым 40 метрди түзөт. Буга чейин анын 450 метр тилкесине асфальт төшөлгөн болчу. Жолду оңдоого 17 млн сомдук долбоор каралып, аны «КС интер» ЖЧК курулуш компаниясы 14,5 млн сомго утуп алган.

Учурда жолду оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×