Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баткен

Мамлекет мындай чегирткелерди жок кылбайт: Баткендеги чегирткелер мөмө-жемиштердин 50% жеп кетти

Turmush -  Баткен шаарындагы Параң аймагын чегирткелер каптап, мөмө-жемиштердин 50% жеп кетти. Бул тууралуу дыйкандар билдиришти.

Дыйкан Марзия Ташованын айтымында, бул абал 2 жылдан бери кайталанып, өткөн жылы 200 түп өрүгүнөн түшүм алган эмес.

«1 гектарга жакын аянтта 200 түп өрүк бар. Арасында алча, гиластар бар. 2 жылдан бери чегиртке каптап жатат. Өткөн жылы бир челек да түшүм алган эмеспиз. Быйыл 70% жеп бүттү. Убагында зыянкечке каршы дарыладым. Бирок кошуналар дарылабагандан кийин чегиртке жок болбойт экен. Гилас, алчалар калган жок. Мен ушул бактан жылына 500 миң сомго чейин киреше тапчумун. 2 жылдан бери түшүм зыянкечтерге жем болуп, кол жууп калуудабыз. Өкмөт тараптан жардамдашып, зыянкечке каршы күрөшпөсөк болбойт. Мага окшогон көп дыйкан запкы жеп отурат», - деди ал.

Баткен регионалдык химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн башчысы Мунарбек Добутовдун айтымында, Кыргызстанда чегирткелердин 2 түрү гана мамлекет тарабынан жок кылынат.

«Бизде Кыргызстанда чегирткенин 2 түрү гана мамлекеттин камкордугу менен жок кылынып, дыйкандарга жардам көрсөтүлөт. Тилекке каршы Параң зонасын каптаган чегиртке ал түрдөгү зыянкечтерге кирбейт. Андыктан жардам берип, көмөктөшкөнгө мүмкүн эмес. Бул чегиртке зыяндуулугу менен бирге пайдалуулугу да бар. Ширелерди жеп жок кылат. Бирок зыяндуулугу арткандыктан ага каршы күрөшүү керектигин биз жергиликтүүлөргө эскерткенбиз. Алар дарылап, биздин көзөмөлдө болуусу шарт.

Азыр эми бизди чакырып жатышат. Азыр мөмө бышып жаткан учурда дары себүүгө болбойт. Ал үчүн бардык дыйкандар өз карамагындагы бак-дарактарын, эгин талааларын убагында дарылап, зыянкечтерге каршы күрөшүүсү абзел. Аны дарылоодо тиешелүү адистерден кеп-кеңеш алуу керек», - деди Добутов.

Параң зонасынан 1 миңге жакын дыйкан үлүш жерлерин мамлекеттен ижарага алып иштетип келишет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1234
Көп окулду
×