Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 26.06.2018 13:41

Баткенде адамдардын кан басымын текшерүү боюнча акция башталды

Turmush -  Баткенде 26-27-июнь күндөрү адамдардын кан басымын жана ашыкча салмакты текшерүү боюнча акция өтөт. Бул тууралуу Баткен облустук үй-бүлөлүк медициналык борборунан билдирди.

Маалым болгондой, акцияга ден соолугуна кам көрүүнү каалаган бардык адамдар катышып, медициналык кеңеш ала алышат. Иш-чара гипертониялык ооруларды жана тамеки чегүүнү азайтуу максатында уюштурулду. Текшерүүлөр заманбап жабдыктарды жардамы менен жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×