Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 25.06.2018 17:35

Жыл башынан бери Баткенде 4 өспүрүм өз жанын кыйды

Turmush -  2018-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин Баткен облусунун аймагында жашы жете электердин арасында өз өмүрүн кыйган 4 факты катталды. Бул тууралуу облустук прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, өспүрүмдөрдүн өлүмү боюнча Баткен районунда 2 факт, Лейлек районунда 1 факт, Кадамжай районунда 1 факт катталган. 2017-жылдын 12 айынын ичинде 11 факт катталган.
Быйыл 36 өспүрүмгө 20 кылмыш иш козголду. Былтыркы жылдын биринчи жарым жылдыгында 38 өспүрүмгө 22 кылмыш иш козголгон болчу.

Баткен облусунун аймактарында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында ар кандай кылмыштуулукту алдын алуу максатында атайын түшүндүрүү иштери аткарылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×