Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 25.06.2018 12:55

Баткенде ажылык сапарга баруучу адамдар эмделип жатат

Turmush -  Баткен облусунда Мекке шаарына ажылык сапарга баруучу адамдар сасык тумоо жана менингит ооруусуна каршы эмдөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери Уулжан Толканованын айтымында, бүгүнкү күндө 400гө жакын адам акысыз эмдөөдөн өттү. Күн сайын 100гө жакын адамга эмдөө жасалууда.

Баткен облустук казыятынын ажылыкка каттоо бөлүмүнүн башчысы Абдусаттар Жакыповдун айтымында, ажылык сапар июль айынын аяк ченинде башталып, август айында толугу менен кетишет. Аларды 12 ажы башчы алып барат. Бүгүнкү күндө облус аймагында ажыга баруу үчүн катталгандардын саны 590 адамды түздү.

- Баткен районунан — 111;

- Баткен шаарынан — 36;

- Лейлек районунан — 82;

- Сүлүктү шаарынан — 15;

- Кадамжай районунан — 271;

- Кызыл-Кыя шаарынан — 75 адам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×