Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баткен

Өкмөт башчы Баткенде жаңы мектептин курулушуна жардам көрсөтөт

Turmush -  Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен шаарынын Базар-Башы кварталындагы С.Айтматов атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушуна жардам көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда өкмөт башчынын Баткендеги иш сапарында аталган мектептин абалы менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Маалым болгондой, аталган мектеп 1978-жылы курулуп, азыр эскилиги жеткен. 200 орунга ылайыкташтырылган бул мектепте учурда 451 окуучу билим алат. Буга чейин шаардык мэрия тарабынан жаңы мектеп куруу планга киргизилген болчу. Өкмөт башчы бул планды колдоп, мектептин курулушуна колдоо көрсөтөрүн белгиледи.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 719
Көп окулду
×