Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 14.06.2018 14:52

Баткенде Айт намаз борбордук стадиондо окулат

Turmush -  Эртең, 15-июнда Баткен шаарында Айт намаз борбордук стадиондо окулат. Бул тууралуу облустук казыяттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда аталган иш-чарага карата даярдыктар көрүлүп жатат.

«Баткен шаарында Орозо айт намазы стадиондо таңкы саат 07:30да окулмакчы. Намаз башталганга чейин казыят өкүлдөрү тарабынан шариат маселелери, Орозо айт намазынын окуу тартиптери, облус казысынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн куттуктоо сөздөрү айтылат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×