Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 07.06.2018 16:44

«Шумкар» полкунун Баткендеги кызматкерлери балдарды калыптандыруу борборуна акчалай жардам көрсөттү (фото)

Turmush -  Баткен шаарындагы «Нур» балдарды калыптандыруу борборун оңдоп-түзөөгө ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Баткендеги ротасы 10 миң сом акчалай жардам көрсөттү.

Ротанын командиринин орун басары Толкунбек Абдиназаровдун айтымында, борбордо тарбияланып жаткан балдарга таттуулар да таратылды.

«Жыл сайын 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата жардамга муктаж балдарга жана алар тарбияланып жаткан мекемелерге ар кандай колдоолорду көрсөтүп келебиз. Рамазан айында "Нур" балдарды калыптандыруу борборунун имаратын оңдоого акчалай жардам бердик. Өздүк курам жалпы акча каражатын чогулттук», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×