Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баткен

Баткендеги базардын соодагерлери даараткана маселесин чечип берүүнү суранышууда (видео)

Turmush -  Баткен шаарынын Нургазиева көчөсүнүн боюнда жайгашкан базардын соодагерлери мэриядан даараткана маселесин чечип берүүнү суранып жатканын аймактык кабарчы билдирди.

Аталган базарда эки жылдан бери соода кылган Разия Ормонованын айтымында, соодагерлер базардын ичиндеги жеке менчик даараткананы колдонушат.

«Базарга жолду кыскартып кирүүчү жол жума жана ишемби күндөрү гана ачык болот. Ал эми калган күндөрү жол жабык болгондуктан айланып өтүүгө туура келет. Анысы аз келгенсип даараткананын ичинде келемиштер бар. Мындай жагдай орозо күнүндө даарат алууга кыйынчылык жаратат. Жеке менчик даараткананы оңдоодон өткөрүп же башкасын куруп беришсе, акы төлөп колдонобуз», - деди ал.

Ал эми шаардын вице-мэри Мамасыдык Султанов Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен бирге даараткана талапка жооп бере турган абалга келтирилерин билдирди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 771
Көп окулду
×