Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баткен

Баткендеги мамлекеттик эки бала бакча балдарды убактылуу кабыл албайт

Turmush -  Баткен шаарындагы мамлекеттик эки бала бакча балдарды кабыл алууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилла Ахматбеков билдирди.

Анын айтымында, шаардагы «Өрүкзар» бала бакчасындагы 60 тарбиялануучу быйыл мектепке которулат. Бирок алардын ордуна башка балдар кабыл алынбайт. Анткени 140 тарбиялануучуга эсептелген бала бакчада бүгүнкү күндө 400дөн ашык бала тарбияланат. Шаардагы дагы бир мамлекеттик «Алтын-Бешик» бала бакчасында да ушундай абал. Мындан улам аталган эки бала бакчага балдарды кабыл алуу убактылуу токтотулду.

«Кызыл-Жол кварталындагы 140 орундуу типтүү бала бакчанын курулушу бүткөрүлсө балдар кабыл алынып баштайт. Бирок анын курулушунун 70 пайызы гана бүткөн. Имарат жаңы окуу жылына бүткөрүлбөсө, балдар мектепке чейин кайсы жерде тарбияланары белгисиз», - деди ал.

Баткен шаарында бала бакчага бара турган балдардын саны 3 миңге жакын. Учурда алардын көпчүлүгү бала бакчага кезекте турат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 596
Көп окулду
×