Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баткен

Баткендеги Төрт-Гүл суу сактагычына жашырынып кирген өспүрүмдөр балык кармап жатат (видео, фото)

Turmush -  Баткен шаарындагы Төрт-Гүл суу сактагычында балыктардын саны көбөйдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаардагы өспүрүм балдар билдиришти.

Алардын айтымында, балыктардын узундугу 10-15 сантиметрге жетет. «Биз кармаган балыктардын айрымдары өлүп калды. Аларды бышырып жесек, тирүүлөрүн багабыз», - дешти алар.

Ал эми Баткен суу чарба башкармалыгынын башчысы Маматшарип Бердалиев билдиргендей, учурда аталган суу сактагычтагы суунун көлөмү 55 млн метр кубду түзөт. «Суу сактагычка жаш балдарга кирүүгө болбойт, алар жашынып кирип жатышат. Алардын коопсуздугун көзөмөлдөө керек», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1083
Көп окулду
×