Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Баткен

Баткендеги «Маданият достуктун көпүрөсү» фестивалына чет өлкөлүк коноктор келди (видео)

Turmush -  Бүгүн, 17-апрелде Баткен шаарында кыргыз-өзбек достугун бекемдеген «Маданият достуктун көпүрөсү» фестивалы башталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чарага Өзбекстандын Фергана облусунан 50гө жакын коноктор келишти. Аларды Баткен шаарынын мэри баш болгон жетекчилер тосуп алышты. Буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин жолугушуусунда Фергана шаары менен Баткен шаарынын достугун, соода-сатык, кызматташтыгын бекемдөө боюнча мемерандумга кол коюлуп, иш мерчемдер түзүлгөн. Бүгүн Баткен шаарындагы А.Жайнаков атындагы драма театрында Өзбекстандан келген таланттар менен кыргыз маданиятынын өкүлдөрү биргелешкен акысыз концерт тартуулашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 462
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×