Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 16.04.2018 12:26

Баткенде 5 млн сомдук аянт ачылып, футбол боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Кечээ, 15-апрелде Баткен шаарында жабык типтеги кичи футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Шаар жетекчилигинин маалыматына караганда, аянттын курулушуна 5 млн сомго жакын каражат кеткен. Аянттын ачылуу аземинин урматына 26 команда катышкан футбол боюнча мелдеш өттү. 26 команда «Жаштар», «Биримдик», «Ынтымак» деп аталган 3 топко бөлүнүштү.

«Жаштар» тобундагы жыйынтык:

- 1-орунду 1993-жылы туулган жигиттер ээледи;

- 2-орунду 1990-жылы туулган жигиттер ээледи;

- 3-орунду 1986-жылы туулган жигиттер ээледи;

«Биримдик» тобундагы жыйынтык:

- 1-орунду 1989-жылы туулган жигиттер ээледи;

- 2-орунду 1990-жылы туулган жигиттер ээледи;

- 3-орунду 1988-жылы туулган жигиттер ээледи;

«Ынтымак» тобундагы жыйынтык:

- 1-орунду ардагерлер ээледи;

- 2-орунду 1983-жылы туулган жигиттер ээледи;

3-орунду 1980-жылы туулган жигиттер ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×