Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Баткен

Баткендеги чек бекетинде жашылдандыруу иштери аткарылды

Turmush -  Баткен облусундагы чек ара кызматынын башкармалыгына жашылдандыруу иштери аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Замирбек Мийзаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага облус аймагындагы бардык аскер бөлүктөрү активдүү катышууда. №2001 аскер бөлүгүндө мөмө берүүчү 188 көчөт, жалбырактуу бактардын 208 көчөтү, гүлдүн 163 көчөтү отургузулду. Көзөмөл-өткөрүү пунктуна мөмө берүүчү 33 көчөт, жалбырактуу бактардын 240 түп көчөтү жана 38 түп гүл отургузулду.

Андан сырткары жолдорду тазалоо, суу кетүүчү арыктарды тазалоо, аскер бөлүктүн имараттарын актап-сырдоо иштери аткарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 338
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×