Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 12.04.2018 14:06

Баткенде унаасы менен адам өмүрүн кыйып, качып бара жаткан айдоочу кармалды

Turmush -  Бүгүн, 12-апрелде Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталындагы унаа кырсыктан улам 1 адам каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 05:40 чамасында болгон. Баткен шаарынын 1982-жылы туулган тургуну Т.А.ны жолдо бара жаткан унаа койдуруп кетип, айдоочусу окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Т.А. алган жаракаттарынан улам каза болгон. Аталган факты боюнча ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип Ош облусунун Араван районунун 1987-жылы туулган тургуну Э.К. өзүнүн «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын айдап качып бара жаткан жеринен кармалды. Учурда бул факты боюнча соттук-медициналык жана соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×