Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баткен

Баткенде «Адам жаны аманат» акциясы өтүп жатат

Turmush -  Баткен облусунда жыл башынан бери 30 жол кырсык катталып, анын кесепетинен 7 адам каза болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Абдыбасыт Исаев билдирди.

Анын айтымында, аталган кырсыктардын кесепетинен 46 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
Учурда жол кырсыктарды алдын алуу максатында Баткен шаарында облустук казыят менен биргеликте «Адам жаны аманат» аталышындагы акция өткөрүлүп жатат. Анда айдоочуларга жол эрежелери тууралуу маалыматтар жазылган баракчалар таркатылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 782
Көп окулду
×