Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 07.04.2018 13:15

Баткенде волейбол, футбол боюнча мелдештер жыйынтыкталды

Turmush -  Баткенде кыз-келиндер арасында волейбол, жигиттер арасында футбол боюнча уюштурулган мелдештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, волейбол боюнча 1-орунду Ж.Бөкөнбаев атындагы мектеби, 2-орунду С.Айтматов атындагы мектеби, 3-орунду үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору камсыздады. Футбол боюнча 1-орунду Баткен шаардык ички иштер бөлүмү, 2-орунду соцфонд, 3-орунду Баткен аймактык колледжи ээледи. 1-орунду ээлегендерге 10 миң сом, 2-орунду ээлегендерге 6 миң сом, 3-орунду ээлегендерге 4 миң сом сыйлык тапшырылды.

Волейбол боюнча мелдешке 8 команда, футбол боюнча мелдешке 10 команда катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×