Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 07.04.2018 12:23

Баткен облусунда Апрель революциясында курман болгондор эскерилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 7-апрелде Баткен шаарында Апрель революциясынын 8 жылдыгына арналган эскерүү митинги өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чарада каза болгон 87 баатыр эскерилип, куран окутулду.

Лейлек районундагы эскерүү иш-чарасына 400гө жакын адам катышты. Район акими Баймурат Бекмуратов революциянын тарыхтагы ордун белгилеп, курман болгондордун эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын айтты. Соңунда курман болгон адамдарга арналып куран окутулду.

Ал эми, Кадамжай районунда Апрель баатырлары тууралуу даяр тасма көрсөтүлүп, эл тандаган тарыхый жолдун келиши тууралуу пикирлер айтылды. Район акими Жаныбек Исаков эскерүү митингине келгендерди майрамы менен куттуктап, айыл аймактардан келген революциянын айрым катышуучуларына ардак грамоталар берилди. Аягында Апрель окуяларында каза болгондорго арналып куран окулду.

Кызыл-Кыя шаарында Апрель окуяларында каза болгондорду эскерүү иш-чарасында шаар жетекчилиги, жергиликтүү тургундар, студенттер, депутаттар катышты. Анда каза болгондорго багышталып куран окутулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×