Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 06.04.2018 16:31

Баткенде биргелешкен кыргыз-тажик ишканалары ачылат

Turmush -  Баткенде биргелешкен кыргыз-тажик ишканалары ачылат. Бул тууралуу Баткен облусунун жетекчилиги менен Тажикстандын Согди облусунан келген ишкерлердин жолугушуусунда айтылды.

Маалым болгондой, тажик ишкерлери, курулуш материалдарын чыгаруучу бай тажрыйбалары бар экендигин айтып, Баткен шаарына заманбап курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана ачуу сунуштарын ортого салышты. Облус жетекчилиги өндүрүш ишканаларын ачуу үчүн Лейлек эркин экономикалык аймагында 100 гектар, Баткен шаарындагы өнөр жай аймагында 187 гектар жер аянты бөлүнгөнүн жана бул аянттарда алгачкы чакан өнөр жай ишканалары ишин баштап, учурда продукция өндүрүп жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле эки тарап алдыда биргелешкен ишканаларды ачуу үчүн эки облустун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушуудан соң тажик ишкерлери Баткен шаарындагы өндүрүш ишканаларын куруу үчүн шаардык мэрия тарабынан каралган өнөр жай аянтында болуп, ишканалардын иши менен таанышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×