Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 02.04.2018 18:28

Баткенде кен казуудагы коопсуздук маселеси талкууланды

Turmush -  Кен казуу үчүн лицензиялар туура эмес берилгенинин кесепетинен адам өмүрүнө олуттуу зыян тийип, кен казуучу компаниялар менен жергиликтүү калктын тирешүүсүнө алып келүүдө. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү менен Баткен облусунун жетекчилеринин жолугушуусунда айтылды.

Маалым болгондой, кен казуучуларга уруксат кагазы жергиликтүү бийликтин макулдугусуз берилип, бирок Баткендеги эң ири алтын кендери иштетилбей турат.

«Кен казуучулар лицензияны жогору жактагылар менен келишип алышат. Жергиликтүү бийликтин катышуусунда берилсе, биз элдин муктаждыгына жараша соцпакеттерди келишебиз. Азыр бизде лицензия алып келгенден кийин соцпакеттерди айтсак макул болушпайт. Кен казылуучу аянттын гана салыгын төлөшөт. Уруксат кагазды алгандан кийин келип, курулушка жер алышат. Ал жерге биз айткан салыкты төгүшпөйт», - деди Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков.

Ошондой эле, жергиликтүү бийлик лицензияны берүүдө кесипкөйлүккө көңүл бурулбай жаткандыгын билдирди.

«Облустагы кен казуу ишканаларда иштеп жаткан жергиликтүүлөрдүн дээрлик 70 пайызынын адистик билими төмөн болууда. Мындан улам өткөн жылы 20дан ашуун адам шахтада каза болду. Бирок эч ким жоопкерчиликке тартылган жок. Алардын үй-бүлөсүн өмүр бою жергиликтүү бийлик карабайт. Буга байланыштуу коопсуздукту жана алардын билимин карасаңар», - деди Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Алишер Абдырахманов.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Азиз Сапаралиевдин айтымында, лицензия 3 жол менен берилет.

«Жер казынасын пайдалануу мыйзамында лицензия 3 жол менен берилет. Биринчиси сынактык, экинчиси аукцион, анан түз сүйлөшүү жолу менен. 2012-жылы жергиликтүү бийликтин же жергиликтүүлөрдүн кызыкчылыгы каралат деп атайын мыйзам кабыл алынган. Жумушчулардын билим деңгээлин көтөрүү үчүн бизде атайын адистер, мугалимдер бар, барып окутушат», - деди Сапаралиев.

Баткен облусунда жер казынасын пайдалануу үчүн жалпы 345 лицензия берилсе, анын 67 гана кен казуу үчүн, калгандары чалгындоого берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×