Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 30.03.2018 11:18 На русском

Баткен шаарында жаңы аскер казармасы пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Баткен шаарында Улуттук гвардиянын 707-аскер бөлүгүндөгү казарманын имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, мекемеде керектүү жабдыктар, кенен окуу класстары, 120 орундук жылуу казарма, эс алуусу бөлмөлөр жайгаштырылган. 34 млн сомдук имараттын капиталдык курулушу Аскер курулуш мамлекеттик мекемеси тарабынан ишке ашырылган. Казарма модулдук-чогултма конструкция менен курулду.

Сейсмикалык коопсуздуктун зарыл талаптарынын бардыгы аткарылган. Жылуулукту камсыздоочу, үн өткөрбөөчү системалар да камтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×