Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Баткен

Фото — Баткенде Нооруз күнү дайынсыз жоголгон балдар базардан табылды

Turmush -  Баткенде Нооруз күнү дайынсыз жоголгон 4 бала аман-эсен табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, аларды бүгүн, 23-мартта Баткен ШИИБдин кызматкерлери Кадамжайдын «Халмион» базарынан таап келишти.

Балдардын өздөрүнүн айтымында, алар алгач Төрт-Гүл суу сактагычына барышкан. Андан кийин Баткен шаарында жүрүп, жүк ташуучу «Хендай Портер» менен Кадамжайга барышкан.

«Биз ал жакта үйдө жаткан жокпуз. Түнү да көчөдө эле басып жүрдүк. Үйгө кайталы десек акчабыз жок эле. Бирок Бекболоттун жанында 1000 сом акчасы болгон. Аны сурасак, «бере албайм, барсак тагам урушат» деп айтты», - деди балдардын бири.

Ал эми Адилет Полотовдун апасы Кансулуу Полотованын айтымында, алардын «Халмион» базарында жүргөндүгүн туугандары көрүп кабар кылганда дароо милицияга кабар берген.

«Баламдын колуна 150 сом акча бергем. Ошол акча жетет деп чыгып кеткен. «Түштө келем» деген бойдон саат 17:00 болсо да келген жок. Андан кийин издей баштадым. Интернет клубдарга, башка жактарга да бардым, бирок таппадым. Акыры милицияга телефон чалдым. Балам буга чейин мындай кадамга барган эмес. Мектепти да калтырчу эмес. Анын жанында жүргөн балдарды биринчи жолу көрүп жатам. Мындай достору жок эле. Эми катуу көзөмөл кылам. Баламдын ден соолугу жакшы», - деди ал.

Учурда балдардын ата-энелерине милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Милициянын маалыматы боюнча, бул жыл ичинде мындай факт катталган эмес. Табылган 16 жаштагы Бекболот Кубат уулу райондук милициянын каттоосунда тургандыгы такталды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, балдар Бишкекке барып келүүнү да пландашкан.

Окуя тууралуу:

Буга чейин милиция Баткен шаарында дайынсыз жоголгон 11 жаштагы Азизбек Мамытов жана 12 жаштагы Адилет Полотов изделип жаткандыгын билдирген.

Маалыматка караганда, балдар 21-март күнү саат 09:00 чамасында Нооруз майрамына арналган иш-чарага чогуу кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес.

А.Мамытовдун өзгөчө белгилери: бою 100-110 см, өңү ак жуумал, чачы кара.

Кийген кийимдери: көк түстөгү куртка, ак-жашыл түстөгү спорттук бут кийим, көк түстөгү шым.

А.Полотовдун өзгөчө белгилери: бою 100-105 см, чачы кара.

Кийген кийимдери: көк түстөгү көйнөк, ак түстөгү жемпир, кара түстөгү спорттук бут кийим жана шым.

Ошондой эле Нооруз күнү саат менен 13:00 чамасында Баткен районунун Бужум айылында жашаган 16 жаштагы Кубат уулу Бекболот менен 11 жаштагы Илимбек Ташбаев дагы жоголгон.

Баткен ОИИБдин маалыматына караганда, алар өздөрүнүн үйүнөн Баткен шаарынын борбордук стадионуна Нооруз майрамына карата өткөн салтанатка барабыз деп чыгып кетишкен боюнча кайрылып келишкен эмес.Балдар алгач жакындары тарабынан изделип, табылбаган соң кечээ, 22-мартта милицияга кабар беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2139
Көп окулду
×