Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баткен

Баткенде Кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата жөө жүрүш өттү

Turmush -  24-март — Кургак учукка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Баткенде атайын жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Баткен облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Жеңишбек Шариповдун айтымында, былтыр кургак учук оорусуна кабылгандардын саны 369 адамды түзгөн. Анын ичинен 16сы каза тапкан. Учурда бейтаптар стационардык жана амбулатордук жол менен дарыланууда. Стационардык жол менен дарылангандар өтө оор, жугуштуу болуп эсептелет. Ал эми амбулатордук дарылануу жеңил түрү. Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборунда дарылануу акысыз жүрөт.

Акцияга 500дөн ашык адам катышты. Алардын 300гө жакыны студенттер.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1087
Көп окулду
×