Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Баткен

Видео — Нооруз майрамында Баткенге Тажикстан менен Өзбекстандан коноктор келди

Turmush -  Баткен шаарында 21-март — Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленип жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, Баткен шаардык мэриясы тарабынан даярдалган сүмөлөк элге таратылды. Сүмөлөккө көрүндүк катары облус жетекчилиги 1000 сом берди. Андан соң Баткен шаары жана Баткен району тарабынан уюштурулган тамак-аш жармаңкеси өттү.

Салтанатка Өзбекстандын Сох районунун акиминин орун басары Хабибилло Ярматов менен Тажикстандын Исфара шаарынын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Косим Содир да катышты. Алар өз куттуктоолорун айтып, белектерин тапшырышты.

«Мусулман элинин бийик майрамы болгон Нооруз майрамы барыбызда белгиленүүдө. Бүтүн ааламда майрам күнү десек жаңылышпайбыз. Бул майрам ушул Фергана өрөөнүндөгү кошуна элдерди ынтымакка, достукка алып келүүчү майрамдардын бири. Кошунаны өзүбүз тандабайбыз, ошентсе да биримдикте жашоо, кошуна менен жакшы мамилени кармоо биздин милдет. Ошондуктан кошуна кыргыз элин тажик элинин атынан куттуктап кетем», - деди Исфара шаарынын мэринин орун басары Косим Содир.

Майрамга карата А.Жайнаков атындагы драма театрынын кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 770
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×