Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Баткен

Баткен шаарынын аймагынан 45 тонна таштанды чыгарылды

Turmush -  Баткен шаарынын аймагынан 45 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, жашоочулар тарабынан мыйзамсыз тиричилик калдыктары ташталып, шаардын чети таштанды таштоочу жайга айланган. Тазалыкты камсыздоо иштерин тиешелүү деңгээлде жүргүзбөгөндүктөн Мамэкотехинспекциянын инспекторлору «Тазалык» муниципалдык ишканасына эскертүүлөрдү берип, тез аранын ичинде таштандыларды тазалоо талабын коюшкан. Учурда инспекциянын койгон талаптары аткарылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 440
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×