Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Баткен

Баткендеги №30630 аскер бөлүктүн 9 жылдыгы белгиленүүдө

Turmush -  Баткендеги №30630 аскер бөлүктүн 9 жылдыгы белгиленүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Аскер бөлүктүн өздүк курам менен иштөө бөлүгүнүн командири Эрлан Сооронбаевдин айтымында, аскер бөлүктү негиздөөгө 1999-2001-жылдардагы куралчандардын бастырып кирүүсү себеп болгон.

«Куралдуу топтордон коргоо максатында 2009-жылы президенттин жарлыгы менен №30630 аскер бөлүгү негизделген. Быйыл 9 жылдыгы белгиленип жатат. Анын урматына биз облустагы күч түзүмдөрү ортосунда футбол оюнун уюштурганбыз. Анда чек ара кызматынын командасы биринчиликти алды. Жыл сайын ушундай иш-чаралар өтүп келет», - деди Сооронбаев.

Иш-чарага ӨКМден, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн жана Чек ара башкармалыгынан өкүлдөр келишип, белектерди тапшырышты. Мыкты жоокерлер алкыш барактары менен сыйланды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 739
Көп окулду
×