Turmush - Баткен шаарында Региондорду өнүктүрүү жылына жана Нооруз майрамына карата көк бөрү мелдеши өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Уюштуруучулардын айтымында, мелдешке Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан жана кошуна Тажикстан, Өзбекстандан келген 200гө жакын көк бөрүчү катышты. Жыйынтыгында баш байгеге коюлган «Дэу Нубира» үлгүсүндөгү унааны айдаркендик көк бөрүчүлөр утуп кетишти.