Turmush - Бүгүн, 16-мартта Баткен шаарындагы дарыканалар текшерүүгө алынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.
Маалыматка караганда, текшерүү Баткен, Сүлүктү шаарлар Баткен жана Лейлек райондору боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча региондор аралык башкармалыгы жана Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы, шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдар менен иштөө бөлүмү тарабынан жаш балдардын дарыканаларда иштегенин текшерүү максатында уюштурулду.
«18 жашка чейинки курактагы жаш өспүрүмдөрдүн эмгегин эмгек шарттары зыяндуу жана кооптуу жумуштарда, жер астындагы жумуштарда, ден соолугуна жана адеп-ахлактык өнүгүшүнө зыян келтире турган жумуштарда иштөөсүнө тыюу салынат. Ошондой эле, оюн-зоок бизнеси, түнкү кафелерде жана клубдарда, спирт ичимдиктерин, тамеки, баңги жана уулуу заттар чыгарылган өдүрүштөрдө иштегени болбойт», - деди Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысынын орун басары Канатбек Сейдалиев.
Рейдде жаш өспүрүмдөр иштеген жайлар катталган жок.