Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Баткен

Баткенде кургак учукка каршы күрөшүү боюнча бир айлык жарыяланды

Turmush -  Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборунун дарыгерлери Кызыл Ай Коомунун өкүлдөрү менен биргеликте кургак учук ооруусуна каршы күрөшүү боюнча бир айлык жарыялады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Борбордун директору Жеңишбек Шариповдун айтымында, анын алкагында Баткен шаарындагы В.Ленин, Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептердин окуучуларына кургак учук тууралуу маалымат берилди. Активдүү катышкан окуучуларга баалуу белектер тапшырылды. Өткөн жылы облус аймагында 13 адам кургак учукка кабылып, 7 адам каза болгон. Баткен району боюнча 4 адам, Кызыл-Кыя шаарында 2 адам, Сүлүктү шаарында 1 адам кургак учуктан көз жумган.

Ошондой эле, шаардагы машруттук каттамдаргы унаалардан ичине кургак учук оорусу тууралуу маалымат баракчалар илинди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 537
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×