Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 15.03.2018 13:07

Баткенде Ноорузга карата көк бөрү боюнча мелдеш уюштурулат

Turmush -  17-мартта Баткен шаарында көк бөрү боюнча мелдеш уюштурулат. Бул тууралуу Баткен шаардык Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Жумабай Токсобаев билдирди.

Маалым болгондой, бул мелдеш жыл сайын Нооруз майрамына карата уюштурулуп, ага 100дөн ашык улакчылар катышып келет. Быйылкы мелдешке шаардык мэрия тарабынан 120 миң сом, демөөрчүлөр тарабынан да баалуу белектар камсыздалган. Көк бөрүгө кошуна өлкөлөрдөн келгендер да катышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×