Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 14.03.2018 16:21

Баткенде дан өсүмдүктөрүн зыянкечтерден коргоочу дарылар өндүрүлүп, дыйкандарга таратылууда

Turmush -  Баткендеги биофабрика дан өсүмдүктөрдүн ылаңдардан, зыянкечтерден коргоочу 2 биопрепарат өндүрүп дыйкандарга таратууда. Бул тууралуу биофабриканын башкы адиси Абдыгапар Аскаров билдирди.

Анын айтымында, дарыларга сыноо жүргүзүлүүдө.

«Өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоочу эндемифактын 4 түрүн жана ылаңдарга каршы биопрепараттардын 2 түрүн чыгаруудабыз. Өндүрүлгөн биолегнин жана треходермин биопрепараттар дан өсүмдүктөрүнө колдонууга болот. Андыктан учурда буудай эгүүдө дыйкандар алып жатышат. Аларды үрөөнгө аралаштырып себишет. Күзүндө жыйынтыгын көрөбүз. Дыйкандар эми химикаттарды колдонушпайт. Үрөөндөр үчүн дарыларды колдонууда тушумдүүлүк 25% жогорулайт. Бул жерде айына 38 тонна микро биопрепарат, зыянкечке каршы 60 млн даана дары өндүрүлөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×