Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Баткен

Баткендеги Төрт-Гүл суу сактагычына толугу менен суу толду

Turmush -  Баткен облусундагы Төрт-Гүл суу сактагычына 90 млн 100 миң куб метр суу топтолуп, каналдардын 60%ы тазаланды. Бул тууралуу Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын башчысы Маматшарип Бердалиев билдирди.

Анын айтымында, каналдарды тазалоо иштери 19-февралда башталган.

«Баткен облустук суу чарба башкармалыгында жалпы 373 км канал бар. Аны тазалоо иштери 19-февралда башталган. Лейлек районунда 63 км канал болсо, анын 37 км тазалоо пландалган. 9 насостук станция оңдолуп жатат. Алардын арасында 3111 гектар жерге суу берүүчү Каскад насостук станциясы да оңдолууда. Баткен районундагы 12 насостук станциясын оңдоп-түздөө иштери жүрүүдө. Жалпы Баткен облусундагы каналдардын 60%ы тазаланды. Калган бөлүктөрү 20 күн аралыгында аяктайт. Төрт-Гүл суу сактагычында 90 млн 100 миң куб метр суу топтолду. 3-апрелден тарта суу бериле баштайт», - деди Бердалиев.

Суу сактагычтын сыйымдуулугу 90 млн куб метрди түзөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 935
Көп окулду
×