Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик Руслан Россияга кетүүдөн баш тартып, шаардын тазалыгы үчүн кам көрүп иштеп жатат (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын Боз-Адыр айылынын 22 жаштагы тургуну Рашид уулу Руслан Россияга иштеп кетүүдөн баш тартып, үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн муниципалдык жумушчу болуп эмгектенип жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, үй-бүлөдө 3 бир тууган. Кичинекей кезинде ата-энеси ажырашып, апасы менен калышкан. Өзүнөн кийинки иниси 18 жашта, кичүүсү 4 жашта. Атасы менен апасы ажырашканына байланыштуу үйдөгү жоопкерчилик ага жүктөлгөн. Буга чейин үй-бүлөсүн багуу үчүн майда-барат жумуш менен алектенип, тапкан акчасы жетпегендиктен башкалар сыяктуу Россияга барып иштеп келүүнү пландаган. Акыркы убактарда ал жактан ар кандай кырсыкка кабылып, жада калса каза болуп жаткандарды угуп, ал жакка баруудан баш тарткан. Бир четинен анын үйүндө болушу пайдалуураак.

«Мен күбөрөөк акча таап үй-бүлөнү багуу үчүн Москвага да барайын дедим. Үйдүн улуусу болгондон кийин бардык нерсе сенин мойнуңда болуп калат экен. Ал жактан өлүп келгендерди көрүп, бир чети корком. Баткенде «Тазалык» ишканасына жумушчу керек дегенди угуп, ушул жакка келдим. Дароо эле жумушка кирдим. Өзүбүздүн шаарыбызды тазалап, ак эмгек менен акча таап, өз жеримде апамдын, инилеримдин жанында иштеп жатабыз», - деди ал.

Руслан бул жумушунан 10 миң сомдон 15 миң сомго чейин маяна алат.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2635
Көп окулду
×