Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 08.03.2018 12:39

Баткендеги айдоочу айымдарга белектер таратылды (видео)

Turmush -  Бүгүн, 8-мартта Баткендеги Жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери унаада бара жаткан айымдарды токтотуп, белектерди беришти.

Жол коопсуздугун камсыздоо кызматкери Абдыбасыт Исаевдин айтымында, айымдарга гүл белек кылынып, каалоо-тилектер айтылды. Белек алгандарга аларга ыраазычылыктарын билдиришти.

Айдоочу Зуура Умарованын айтымында, бүгүн ал эң биринчи белекти алды.

«Майрам күнү эртең менен эле эң алгачкы белегим болду. Майрамдык маанайын жакшы. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматына ыраазычылык билдирем», - деди ал.

Баткенде мындай иш-чаралар ар бир райондо өтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×