Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 06.03.2018 12:37

Баткенде А.Жайнаковду эскерүү концерти уюштурулду

Turmush -  Кечээ, 5-мартта Баткен шаарында ырчы жана обончу, КРнын эмгек сиңирген артисти маркум Апаз Жайнаковду эскерүү концерти уюштурулду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чаранын уюштуруучусу Мамажан Козубаевдин айтымында, концертке ырчылар, акындар, маданият кызматкерлери чакырылды. Алардын катарында Ош шаарынан төкмө акын Абдували Акимбеков, Шаамурза Тургунбаев, Мамытбек Мамажанов жана башкалар келишти. Концерт Апаз Жайнаковдун ырларын элге жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×