Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 05.03.2018 11:35

«Баткен тазалык» ишканасынын жетекчиси болуп Д.Назаров дайындалды

Turmush -  Баткен шаарындагы «Баткен тазалык» ишканасынын жетекчиси болуп Назаров Дамир Мырзабекович дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Баткен шаарынын мэри Мамыр Рахимовдун айтымында, «Баткен тазалык» ишканасынын буга чейинки жетекчиси Ильяз Сайфидинов 2017-жылдын август айында сыноо мөөнөтү менен жумушка алынган болчу. Бул тармакта жакшы жумуш алып бара албаганына байланыштуу башка жумушка которулат.

Дамир Назаров да аталган кызматка сыноо мөөнөтү менен менен 2-мартта дайындалды.

Резюмеси:

Аты-жөнү — Назаров Дамирбек Мурзабекович

Туулган жылы — 28.07.1984-жыл

Улуту: кыргыз

Билими:

Ош мамлекетттик университетинин Жол коопсуздугу боюнча инженер адистигин бүтүргөн

Эмгек тажрыйбасы:

2001-2003-жылдары «Алтын бешик» дыйкан чарбасында жумушчу;

2008-2010-жылдары Баткен районунун Э.Эркабаев атындагы орто мектебинин мугалими;

2010-2011-жылдары Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын адиси;

2011-жылы Баткен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

2011-2013-жылдары Баткен шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкы адиси;

2014-2016-жылдары Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы «Таза суу» муниципалдык ишканасынын башкы инженери;

2015-жылдын 25-ноябрында Баткен районунун Кыштут айыдык кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×