Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Баткен

Баткенде туу көтөрүп, ак калпак кийген жаштар жөө жүрүшкө чыгышты (фото)

Turmush -  Бүгүн, 3-мартта Баткен шаарында Туу күнүнө жана 5-март — Ак калпак күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Туу көтөрүп, ак калпак кийген жаштардын жөө жүрүшү менен башталган иш-чарага өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Алишер Абдрахманов жана бир катар жетекчилер катышты.

А.Абдрахманов бардык жарандарды Туу жана Ак калпак күнү менен куттуктады. Мектеп окуучулары тарабынан тууну жана ак калпакты даңктаган ырлар тартууланды.

Лейлек районунда Туу күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чарага Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов жетектеген райондук администрациясынын жамааты, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү жана мектеп окуучулары катышты. Анда Кыргызстандын туусунун тарыхы боюнча маалымат берилди.

Туу күнү Сүлүктү шаарында да белгиленди. Иш-чарага шаардагы окуучулар, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар жетекчилигинин өкүлдөрү катышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1663
Көп окулду
×