Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 02.03.2018 16:55

Баткен ШИИБдин тергөөчүсү М.Кожоев пенсияга чыкты

Turmush -  Бүгүн, 2-мартта Баткен ОИИБдин тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү, милициянын полковниги Муктарали Кожоев ардактуу эс алууга чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Баткен ОИИБдин башчысынын орун басары Арстан Усанов ардагерге ак калпак, ак чепкен кийгизип, өздүк курамдын атынан сыйлуу белек тапшырды.

Муктарали Кожоев 1983-жылдан тарта 2003-жылга чейин Ош ШИИБде жана Ош ОИИБде кызмат өтөп келген. 2003-жылдан баштап ушул күнгө чейин Баткенде эмгектенип жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×