Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Баткен

Айыл турмушу: Баткендик Ф.Ширинов өтүкчүлүк өнөрүн атасына, бир туугандарына үйрөтүп, үй салып, унаа алды (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын 30 жаштагы тургуну Файзулла Ширинов өтүкчү болуп иштеп үй куруп, унаа алганга жетишти. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул иш менен 10 жылдан ашуун убакыттан бери алектенет. Алгач Бишкек шаарындагы «Ош» базарында иштеп баштаган.

«2007-жылы Бишкекке кеткем. Ошол убакта шаарга кетүү модага айланган. Ал жакка барып, «Ош» базарда бут кийим тиккен кишинин жанында жүрүп, өтүкчүлүктү үйрөндүм. Акыркы 3 жылдан бери Баткенде ушул кичинекей устаканада иштеп жатам. Күнүнө 10дон ашуун адам кайрылат. Айына 20 миң сомдой табам. Кышкысын күнүнө 3000 сомдой акча түшөт. Аялым чебер, бирок аны иштетпейм. Ушул ийнемдин күчү менен Баткен шаарынан жер алдым, үй салдым. Унаа да алдым.

Өнөрлүү өлбөйт, жаштардын ушундай элге пайдасы бар өнөр үйрөнүшүн каалайм. Өтүкчүлүктү бир туугандарыма, атама да үйрөткөм. Бирөөсү Бишкектеги менин устаканамда иш жүргүзүп жатат. Атама Баткенде устакана куруп бергем. Кардарлары үйүнө чейин таап барат», - деди ал.

Өтүкчү 2 уул, 1 кыздын атасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2940
Көп окулду
×