Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Баткен

Баткендеги базарда өрт коопсуздугу сакталбагандыктан айып салынмак болду (видео)

Turmush -  Бүгүн, 2-мартта Баткен шаарындагы борбордук базарда өрттөн сактануу боюнча машыгуу өттү.

Баткен райондук жана шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Туратбек Турдуевдин айтымында, базарда чындап өрт чыкса мындай башаламандыктан аны өчүрүүгө мүмкүн эмес. Ошондой эле базарда 100 куб метр көлөмдөгү суу бата турган суу сактоочу жай болушу керек. Бул жерде болгону 25 куб метр суу сактоочу жай бар. Андан да сууну алуу мүмкүн эмес.

Базардагы соодагерлердин бири Чынара айымдын айтымында, базарга ижара акы төлөнгөндөн кийин тиешелүү шарттар түзүлүшү керек.

Баткен, Лейлек району боюнча Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси Жамалидин Таабалдиевдин айтымында, базардагы баш аламандыктар боюнча 2017-жылы 30 миң сомдон жана 50 миң сомдон айып пулдар салынган. Бирок азыркыга чейин талаптар аткарылбай келет. Эгерде базардан өрт чыкса өрт өчүрүүчү унаа кире албай калышы мүмкүн. Бүгүнкү атайын машыгуунун жыйынтыгы менен базар жетекчилигине кайрадан айып пул салынат.

Ал эми, базардын эсепчиси Жакып Усманов бул көйгөйлөр быйыл чечиле тургандыгын билдирди.
Баткен шаарындагы борбордук базар жеке менчик базар. Анда 500г- жакын соодагер бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1797
Көп окулду
×