Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 01.03.2018 12:16

Баткенде электр тармактарын тейлеген атайын борбор ачылды

Turmush -  Баткен райондук электр тармактарын тейлеген атайын борбор ачылды.

Баткен райондук электр тармагынын жетекчиси Каламбек Маркаевдин айтымында, буга чейин электр маселелери боюнча кайрылган эл документтерин тууралоо үчүн бир топ кызматкерлердин эшигин каккылап жүрчү. Эми ал маселе чечилип, бардык кызматтарды тейлөө бөлүмүнөн ала алышат. Жаңы мекеменин ачылышына 500 миң сом каражат сарпталган. Учурда тейлөө бөлүмүндө 2 кызматкер иштеп жатат. Мындай тейлөө бөлүмдөрүн облустун башка райондорунда да ачуу пландалууда.

Учурда Баткен райондук электр тармактары ишканасында 20 миң кардар бар. Алардын 1,5 миңин мекеме-ишканалар түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×