Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 01.03.2018 11:47

Баткенде таза суунун кымбатташы жергиликтүүлөрдү нааразы кылууда

Turmush -  Баткен шаарында 1 куб таза суунун баасы 17 сом 16 тыйын болду.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, мурда 1 куб таза суу үчүн 15 сом 10 тыйын төлөнчү. Баанын кымбаттаганы алардын нааразычылыктарын жаратууда. Анткени шаар таза суу менен толук камсыздалган эмес. Суу түшкө чейин гана берилип, түштөн кийин токтотулат. Бул учурда суу тартыштыгы жаралып, кезекке тургандардын арасында чыр чыккан учурлар да кездешет.

«Суу ар кандай учурда чыгат. Кээде жетишип, кээде жетишпей калган учурлар болот. Башка көчөдөгүлөр дагы ушул жерге келишет. Бул жердеги суу өтө аз чыгат. Кезек талашып урушуп да кетебиз. Элди ойлоп, ар бир көчөгө суу тартып беришсе жакшы болмок», - деди Баткен шаарынын тургуну Чынара Ташбекова.

«Таза суу» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Данышбек Камчиевдин айтымында, ишкана шаарды толук кандуу суу менен камсыз кылуу үчүн Европа өнүктүрүү банкынан 4 млн евро инвестиция тартылган. Бирок анын 1,5 млн евросу кайтарымдуу болгондуктан ишкана насыяны төлөө үчүн тарифтик төлөмдү жогорулаткан.

«2018-жылдан тартып таза суунун төлөмү 30%га жогорулады. Себеби биз Европа өнүктөрүү банкы аркылуу 4 млн евролук инвестиция алдык. Анын 2,5 млн евросу кайтарымсыз, 1,5 млн евро кайтарымдуу болгондуктан насыяны төлөө үчүн тарифтик төлөмдү жогорулаттык. Коммерциялык ишканаларда да, сууну көчөдөн ташып ичкендер жана короосуна алып кирип алгандарга да бирдей 30%га көтөрүлдү», - деди Камчиев.

Шаар ичиндеги таза суу системаларынын эскилиги жеткендиктен, аларды оңдоп-түздөө үчүн бир канча ирет долбоорлор ишке ашканы менен абал өзгөрбөй келген. Анткени түтүкчөлөр оңдолгону менен кайрадан эски абалына келип калган. Абал эске алынып, эски системаны түп тамыры менен жанылоо үчүн атайын долбоор түзүлгөн. Эгер ал ишке ашса шаар 24 саат бою таза суу менен камсыз болот.

«Шаардын эл көп жайгашкан бөлүгүн алдык. Мына ошол жердеги суу системасы 100% жаңыланат. Эски түтүктөрдү кайрадан оңдоп отурбайбыз. Ошондо ар бир үйгө суу кирет. Эгер бул долбоорубуз ишке ашса анда башка бөлүктөрүн да жаңылай баштайбыз», - деди долбоорду жүзөгө ашыруу тобунун жетекчиси Тойчубек Маматисаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×