Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 27.02.2018 17:24

Баткендеги университеттин жаңы имараты курула баштады

Turmush -  Баткен мамлекеттик университетине жаңы имарат курулат. Бул тууралуу окуу жайдын ректору Абдибап Зулпуев билдирди.

Анын айтымында, университетте учурда 6 миңдей студент билим алса, анын 10 пайызын кошуна өлкөлөрдөн келген студенттер түзөт.

«Баткен мамлекеттик университети 2000-жылы түзүлүп, студенттердин саны 15 миңге чейин жеткен. Жалпы республикалык тестирлөө киргизилгенден тартып 4,5 миңге кыскарды. Бул орто билим берүүдөгү сапаттын төмөндүгүнө байланыштуу. Мындан сырткары кошуна өлкөлөрдөн келип окуган студенттердин саны да чек арадагы абалга байланыштуу кескин азайган. Учурда 6 миңдей студент болсо анын 10 пайызы Өзбекстандан жана Тажикстандан келгендер түзөт.

Студенттердин жатакана маселесин чечүү боюнча 200 орундуу имараттын долбоору түзүлгөн. Курулушу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан сырткары университеттин имараты да буга чейин бала бакча болуп келген. Учурда 300 млн сомдук жаңы имараттын пайдубалын куруу иштери жүрүп жатат. Курулуш ишке ашса 3 миң студентке ылайыкташкан окуу имараты пайдаланууга берилет», - деди ректор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×