Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Баткен

Баткендин жайлоолорундагы 40 гектар аянтка арчалар отургузулат

Turmush -  Быйыл Баткен облусунун жайлоолорундагы 40 гектар жерге ийне жалбырактуу көчөттөр эгилет. Бул тууралуу Баткен токой чарбасынын башкы токойчусу Нурали Акматов билдирди.

Анын айтымында, ийне жалбырактуу 3000 даана көчөт даярдалды.

«Бизде ийне жалбырактуулардын чыгыш туясы, арча жана жытсыз арча деген 3 түрү бар. Алардан 3000 даана көчөтү өстүрүлгөн. Көчөттөр айыл өкмөттөргө жана шаар мэриясына сатылат. Өткөн жылы 15 миң даана тапшырганбыз. Быйыл алабы же алышпайбы дайынсыз. Мындан сырткары Баткен районундагы Селик, Андиген жана Кык жайлоосуна 40 гектар аянтка арча отургузабыз. Өткөн жылы Ош—Баткен—Исфана жолунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүндөгү 100 гектар тилкесине саксаулдун уругун сепкенбиз. Быйылкыга пландаган жокпуз. Март айынан тарта иш баштайбыз», - деди Акматов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 983
Көп окулду
×