Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 21.02.2018 17:41

Баткенде 70 пайызы курулган мектептер быйыл толук бүткөрүлөт

Turmush -  Быйылкы жылы курулушунун 70 пайызы аяктаган мектептердин бардыгы бүткөрүлөт. Бул тууралуу президент менен Баткен облусуна келген билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда мындай 21 мектеп бар. Өткөн жылга бүткөрүлүшү керек болгон 12 мектептин курулушу бүтпөй, колдонууга берилбей турат.

«Акыркы 3 жылда 300 мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Жыл сайын 10дон кем эмес мектеп бүткөрүлүп жатат. Быйылкы жылы өкмөттүн чечимине ылайык курулушу 70 пайызга аяктаган мектептер толук бүткөрүлөт. Анткени көп жылдан бери бутпөй турган мектептер бар», - деди министр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×