Бөлүмдөр
Ишемби, 23-июнь
Баткен

Баткен шаарында оптика салону ачылды

Turmush -  Бүгүн, 21-февралда Баткен облустук бириккен ооруканасында оптика салону ачылды.

Керектүү жабдыктарды алып берген Кызыл Ай Коомунун өкүлү Канатбек Жигитовдун айтымында, буга чейин көзгө операция жасалуучу бөлмө ачылып, 200гө жакын операция жасалган. 2 миңге жакын бейтапка кеңеш берилген. Баткенде оптика салону жок болгондуктан, операция жасалгандан кийин бейтаптар Ош, Бишкек же Кызыл-Кыя шаарларына чейин барып, көз айнек жасатууга мажбур болушчу.

Аталган оптика борборун ачууга жалпысынан 1 мнл сом кетти. Кеңсеге ар бири 6 миң долларлык заманбап 4 жабдык алынды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 859
Көп окулду
×