Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Баткен облусу, Баткен 21.02.2018 09:13

Коррупцияга каршы күрөшүү күчөтүлөт, - С.Жээнбеков

Turmush -  Биздин айыл чарба азыктарыбыз ЕАЭБдин рынокторунда, дүйнөлүк рынокто атаандаштык түзө алат. Бул тууралуу кечээ, 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарында биофабриканын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, атаандаштык түзүү үчүн айыл чарбасында туура саясат жүргүзүп, фермерлерди колдоп, аларга туура багыт берүү зарыл.

«Биологиялык фабриканын ачылышы бүтүндөй республика үчүн абдан жакшы жаңылык. Биофабрика экологиялык жактан таза продукция чыгарууда зор мааниге ээ. Бул жерде айыл чарбасынын зыянкечтерин жок кылган, ошол эле учурда адамдын ден соолугуна зыяны жок дары-дармектер чыгарылат. Айыл чарбалуу деп эсептелген Баткен аймагына дал ушундай ишкана керек эле», - деди президент.

Мамлекет башчысы белгилегендей, натыйжада айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна коркунуч туудурган химиялык заттарды пайдалануу кыскарат. Дал ушундай органикалык таза био дары-дармектерди пайдалануу ыкмасын таратуу зарыл. Кыргызстандын келечеги экологиялык жактан таза азыктарды өндүрүүдө. Ошондуктан фермерлер бүгүнкү күндө Бишкекте, Ошто, Баткенде иштеп жаткан жана Нарында курула турган биофабриканын дары-дармектерин пайдалануусу зарыл.

Учурда Баткен шаарында биофабриканын курулушу аяктап, суу түтүктөрү жана канализация өткөрүлдү жана биологиялык аппараттардын монтажы даярдалган. Биофабрика айыл чарба багытындагы био дары-дармектерди чыгарат. Натыйжада облус органикалык-биологиялык таза айыл чарба азыктарын өндүрүүгө мүмкүнчүлүк алат. Мындан тышкары биофабриканын аркасы менен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине жана отоолорго каршы күрөш биологиялык жол менен ишке ашырылып, келечекте химиялык дары-дармектерди пайдаланууну жокко чыгарат. Биофабрика 25-30 адамды жумушчу орун менен камсыз кылат. Ишкананын жалпы сметалык наркы 14 млн сом болгон.

Өлкө башчысы андан ары Исфана шаарында Лейлек районунун, Исфана жана Сүлүктү шаарларынын жашоочулары менен жолугушту.

Президент Лейлек касиеттүү жер, райондун тарыхы өтө терең экенин, бул аймактан Кыргызстандын өнүгүшүнө жана мамлекет катары калыптанышына баа жеткис салым кошкон легендарлуу адамдар, өнөр залкарлары чыкканын белгиледи.

«Алардын арасынан кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандырып, өлкөбүздү бийик деңгээлге көтөргөн Исхак Раззаковду жогорку урмат, өзгөчө бийик сый менен атап келебиз. Менин да турмушта ыйык туткан идеалым — Исхак Раззаков. Анын «мен таза болсом, сен таза болсоң, биз таза болсок, коом да таза болот» деген улуу сөзү биздин азыркы турмушубуздун башкы принциби болушу керек», - деди президент.

Мамлекет башчысы 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланганын эске салды.

«Өлкөнү өнүктүрүү үчүн аймакты өнүктүрүү керек. Бул менин ишимдин артыкчылыктуу багыты болот. Ал бир жыл менен эле чектелбейт. Бул маселени мен дайыма көңүл борборунда кармайм. Аймактардын негизги маселеси бул – социалдык объекттерди куруу, инфраструктураны, ирригацияны өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, жумушчу орун түзүү жана айыл чарба продукциясын сатуу. Бул багыттарда биз системалуу иш алып барабыз жана ал иштер менин такай көзөмөлүмдө болот. Эң башкысы, бюджеттик, гранттык жана инвестициялык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу. Ошондой эле жергиликтүү бийликтерге көбүрөөк мүмкүнчүлүк берип, алардын жоопкерчилигин да жогорулатабыз», - деди Жээнбеков.

Ал буга катар эле өлкөдө коррупцияга каршы күрөш күчтөнө турганын белгиледи.

«Албетте бул күрөштө биз бир гана укук коргоо органдарына эле таянбастан, элге, коомчулукка, мамлекеттик эмес уюмдардын күчүнө да таянабыз. Эл колдоого алган бул аракетибиз өз жемишин берет деген тилектебиз», - деди ал.

Өлкө башчысы кийинки жылдары өлкөбүз калыптануунун татаал жолун басып өткөнүн, экономикалык жана социалдык оор сыноолорду баштан кечиргенин белгиледи.

«Ушул жылдары биз башка болуп өзгөрдүк. Күчтүү болдук. Оор сыноолордо такшалып, бышып жетилдик. Мамлекетибиз энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Энергетика тармагы туруктуу болуп калды. Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө дагы ири долбоорлор ишке ашырылып жатат. Учурда биз эл аралык трассалар, облустардын, райондордун борборлорундагы транспорттук инфраструктураны реконструкциялоо боюнча масштабдуу иштерди жүргүзүп жатабыз. Түндүк-Түштүк альтернативалуу жаңы автожол салынып жатат. Азыр биз жакшы жолдору бар мамлекеттердин катарына кошулуу максатын ишке ашырып жатабыз», - деди ал.

Президент ошондой эле тышкы саясат маселелерине да токтолуп, өзүнүн коңшулаш өлкөлөргө болгон визиттери тууралуу айтып берди.

«Көп убакыттан бери чечилбей келген чек ара маселелерин чечүү багытында бир топ алгылыктуу аракеттерге жетише алдык. Биз дээрлик бардык маселелер боюнча Өзбекстан менен бир пикирге келдик. Ошондой эле Тажикстан менен чек ара маселелеринде эки тараптуу сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп, жакынкы күндөрү көптөгөн маселелерди чечүүгө жетишебиз. Чек араларыбыз араздашуунун эмес, достуктун негизи болууга тийиш», - деп белгиледи президент.

Жергиликтүү тургундардын суроолоруна Сооронбай Жээнбеков өзү жана мамлекет башчысын Баткен облусуна жумушчу сапарында коштоп жүргөн министрлер да жооп беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×